Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Сүрөтчүлөр союзунун жазгы көргөзмөсү ачылууда


Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун кезектеги жазгы көргөзмөсү ачылууда. Экспозиция Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, ага 15ке жакын автордун мыкты эмгектери коюлат. Ал чыгармалардын дээрлик баары улуттук сүрөт өнөрүнүн "Алтын фондуна" кирген.

Көргөзмөгө келгендер живопись, графика, скульптура, кол өнөр чеберлеринин мыкты өнөрлөрүн көрө алат.

Иш-чара 9-май - Жеңиш күнүнө карата уюштурулду.

Улуу Ата Мекендик согушта жеңишке жетишүүгө өз салымын белгилүү искусство ишмерлери Гапар Айтиев, Федор Стукошин, Леонид Деймант, Жакул Кожахметов, Гүлчоро Керимбеков жана башкалар да кошкон. (RK)

XS
SM
MD
LG