Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:48

ИИМ Сирияга кеткендер тууралуу: Экстремисттик идея үчүн жанын аябагандар бар


"Сирияга жашыруун кетип жаткандар арасында экстремисттик идея үчүн өз жанын аябагандар да бар экени өкүнүчтүү" деп айтылат бүгүн Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.

Кечээ министрлик Кыргызстандын түштүк аймагында экстремизмди алдын алуу максатында атайын ыкчам-издөө иштерин жүргүзүп, Баткендин Кызыл-Кыя шаарынан Сирияга 14 киши жөнөтүлгөнүн аныктады. Алардын арасында үч аял жана эки үй-бүлө бар.

Ага чейин Сирияга Ош шаарынан Москва аркылуу жөнөп бараткан 3 аял кармалган. Алардын экөө өзү менен кошо алты баласын алып кетүүгө аракет кылган.

Адамдарды алдап согушка жөнөтүп жүргөн киши кармалып, ал аркылуу өзүнчө топ аныкталган. Учурда бул ишти күч органдары териштирип жатат.

Соңку кездери согуш жүрүп жаткан Сирияга кеткен кыргызстандыктар саны өсүүдө. Алардын айрымдары ал жакка алданып барып калганын, жөнөтүп жаткандар убада кылгандай шарт жок экенин, түрдүү кордукка кабылып жатканын интернет аркылуу билдирип келет. (RK)

XS
SM
MD
LG