Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:02

Саудия Йеменде беш күн ок атышпоону сунуш кылат


Cаудия башындагы коалициянын авиачабуулунда зыян тарткан үйдө ойноп жаткан йемендик бала. Сана. 27-апрель 2015

Cаудия башындагы коалициянын авиачабуулунда зыян тарткан үйдө ойноп жаткан йемендик бала. Сана. 27-апрель 2015

Максат - тыныгуудан пайдаланып өлкөдөгү куралдуу коогалаңдан жабыркаган миллиондогон йемендиктерге гумжардам жеткирүү. Бул жөнүндө Саудиянын тышкы иштер министри менен АКШ мамкатчысынын 7-майда Эр-Риядда өткөн кездешүүсүндө жарыяланды.

Жон Керри Вашингтон демилгени колдогонун, йемендик шийиттердин хуси козголоңчуларын сунушту колдоого үндөдү.

- Биз хусилерди жана алардын колдоочуларын Йемен элине көмөктөшүү үчүн берегидей чоң мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоого жана Йеменде тынчтык жолун табууга үндөйбүз, - деди АКШ мамкатчысы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG