Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

Европа гитлердик Германия жеңилгенинин 70 жылдыгын белгилөөдө


Советтик аскерлер нацисттик Германиянын тууларын Кызыл аянтта Лениндин мавзолейинин алдына таштоодо. Москва. 24-июнь, 1945-жыл.
Советтик аскерлер нацисттик Германиянын тууларын Кызыл аянтта Лениндин мавзолейинин алдына таштоодо. Москва. 24-июнь, 1945-жыл.

Европа өлкөлөрү нацисттик Германиянын жеңилгенинин жана Экинчи Дүйнөлүк согуштун бүткөнүнүн 70 жылдыгын белгилөөдө. Париждин Елисей майданындагы Белгисиз француз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюу аземи жүрүп жатат. Жөрөлгөгө АКШ мамкатчысы Жон Керри жана Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус катышууда.

Берлинде парламент имаратында Германиянын жетекчилери катышкан бир сааттык маараке өтүүдө.

Польшадагы эскерүү салтанатына президент Бронислав Коморовский, БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун, Украинанын жана башка Ортолук Европа мамлекеттеринин президенттери катышууда.

Экинчи Дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда башталган.

XS
SM
MD
LG