Линктер

ишемби, 29-апрель, 2017 Бишкек убактысы 02:03

Рашод Камаловдун камактагы мөөнөтү узартылды


Оштун Кара-Суу районунда “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү деген шек менен кармалган Рашод Камаловдун камактагы мөөнөтү 27-майга чейин узартылды. Мындай чечимди Ош шаардык соту 6-майда чыгарды.

Камаловдун адвокаттарынын судьяга ишеним көрсөтпөө талабын сот канааттандырган жок.

Кара-Суудагы “Ас-Сарахсий” мечитинде имам болуп жүргөн 37 жаштагы Рашод Камалов 9-февралда кармалган. Ал экстремизмге чакырык жасаган, Кыргызстанда халифат курууга аракет кылган жана Сирияга адамдарды жөнөткөн деп шек менен камалган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG