Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Москвада Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү талкууланууда


Москвада бүгүн Евразия экономикалык биримдигинин саммити өтүп жатат. Буга чейин вице-премьер-министр Валерий Диль катышкан жыйын өткөн. Ал эми Бишкек убактысы боюнча кечки саат сегизде президенттердин жыйыны башталарын "Азаттыкка" өлкө башчынын маалымат катчысы Жанарбек Акаев билдирди. Жыйынтыгында бир нече протоколго кол коюлат. Арасында Кыргызстандын бул уюмга толук кандуу мүчө болуп кирүүсүн жөнгө салган документтер бар.

Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү башкы тема болорун 6-майда Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков айткан.

ЕАЭБ уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Орусия мүчө. Кыргызстан ага былтыр жыл соңунда кошулган.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Москвага 7-майда жөнөп кеткен. ЕАЭБ саммитинен тышкары ал КМШ президенттеринин жыйынына, Жеңиштин 70 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG