Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:50

Нацисттик Германия жеңилгенинин 70 жылдык мааракеси уланууда


"Украина Экинчи Дүйнөлүк согушта" деген китептин мукабасы. 7-май 2015-жыл.
"Украина Экинчи Дүйнөлүк согушта" деген китептин мукабасы. 7-май 2015-жыл.

Европада нацисттик Германиянын жеңилгенинин жана Экинчи Дүйнөлүк согуштун бүткөнүнүн 70 жылдыгы белгиленүүдө. Парижде "Белгисиз француз жоокердин мүрзөсүнө" гүлчамбарлар коюлду. Эскерүү аземине АКШ мамкатчысы Жон Керри да катышты. Польшанын Гданск шаарындагы зыяпатка президент Бронислав Коморовский, БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун, Украинанын жана Ортолук Европа мамлекеттеринин президенттери катышты.

- Биз дале ар жерде жаңжалдарды, адамдарды адамдар өлтүргөнүн көрүп жатабыз. Анын бирин Европанын ортосунда Украинада көрүүдөбүз. Биз президент Порошенкого бекем тилектештигибизди билдирдик. Мен президент Порошенко менен Украинага барам, - деди Пан Ги Мун салтанатта сүйлөп.

Берлинде парламент имаратында Германиянын жетекчилери катышкан бир сааттык маараке болду.

Экинчи Дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда нацисттик Германиянын Польшага согуш ачуусу менен башталган. Согуш 60 млн адамдын өмүрүн алган деп эсептелет.

XS
SM
MD
LG