Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:19

Иракта шииттерге жасалган чабуулда 18 адам өлдү


Ирактын кара май иштетүүчү эң чоң ишканалары жайгашкан жерден кара түтүн көтөрүлүүдө. Байжи шаары. 7-май 2015
Ирактын кара май иштетүүчү эң чоң ишканалары жайгашкан жерден кара түтүн көтөрүлүүдө. Байжи шаары. 7-май 2015

Ирактын түндүк чыгышында жанкечтилердин шиит мечитине удаа-удаа жасаган бомба чабуулунан 18 динзар апаат болду.Машинечен биринчи жанкечти Балад Руз шаарындагы мечиттен жума намазга келген динзарлар чыгып баратканда бомба жардырды. Мечиттен чыккандар биринчи бомба жарылган соң топтолуп турганда экинчи жанкечти бомба жардырып, андан 41 адам жабыркады. Курман болгондордун арасында шаардык полициянын тандалма отрядынын командири, полковник Эднан Мухаммед Тимми да бар. Бомба чабуулун ким уюштурганы беймаалам.

Балад Руз Ирактын борбору Багдаддан 70 км. түндүк чыгыштагы шаар.

XS
SM
MD
LG