Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Борбор Азиялык аймактык жаңы ТВ канал ишке кирди


Озодагон медиа-тобунун негиздөөчүсү Зафар Суфинин ушул аптада билдиришинче, Борбор Азиянын Жаңы телевидениеси деп аталган канал 3-майда биринчи программасын обого чыгарды.

Каналдын баш кеңсеси Кыргызстанда жайгашкан. "Азаттыктын" тажик кызматына берген маегинде Зафар Суфи канал тажик жана орус тилинде болот, кийин башка тилдеги программалар кошулушу мүмкүн.

Кыргызстанда мыйзамдык жана бюрократиялык чектөөлөр аз экендигин белгилеген Суфи дайым аймактагы ынтымакты бекемдөөнү колдоп келгендигин билдирди. Жаңы канал ЮротелСат жандоочу аркылуу көрсөтүлөт. Анда Тажикстандагы окуялар менен катар, аймактагы башка өлкөлөрдөгү окуялар чагылдырылат. Зафар Суфи долбоорду өзү каржыларын кошумчалады. Азыр Борбор Азияны камтыган "Кативи" деп аталган канал болжолу Москвадан тажик жана орус тилинде чыгып келатат.

XS
SM
MD
LG