Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:21

Кыргызстанда Улуу Жеңиш күнү белгиленүүдө


Бүгүн Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы белгиленүүдө. Бул күнгө карата аскердик парад Бишкектеги Ала Тоо аянтында өтмөкчү. Ага премьер-министр Темир Сариев баштаган өлкө жетекчилери, Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери, шаар тургундары катышат. Аскердик парадды өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев кабыл алары күтүлүүдө. Себеби, президент, Куралдуу күчтөрдүн кол башчысы, президент Алмазбек Атамбаев бул күнү Москвадагы парадга катышат.

Бишкектеги парадга аскердик бөлүктөрдүн жоокерлери чыгып, аскердик техника көрсөтүлүп, аба шоусу уюштурулат.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 1200гө жакын согуштун, жети миңден ашуун ооруктун ардагери бар. Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышып, алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG