Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

Грузияда өкмөттүн жаңы курамы ишке кирди


Грузиянын парламенти кезексиз жыйынында өкмөттүн жаңы курамына ишеним көрсөттү. Мындай чара премьер-министр Ираклий Гарибашвили жетектеген өкмөт мүчөлөрүнүн үчтөн бири кызматтан кеткен соң жасалды. Грузиянын Баш мыйзамына ылайык, өкмөттүн үчтөн бири кызматтан кетсе, парламенттин кароосуна коюлат. Экономикалык оор кырдаалды өткөрүп жаткан Грузияда өткөн жылы жети министр кызматтан кеткен эле. Акыркы болуп министр Леван Кипиани кызматтан бошотулган соң, өкмөткө кайрадан ишеним көрсөтүү маселеси коюлган.

Жаңы өкмөттө Коргоо министрлигин Тина Хидашели жетектемей болду. Европачыл көз караштары менен белгилүү болгон бул айым өлкөнү НАТОго кошулушу керек деп билдирип келген.

Өлкө президенти Георгий Маргвелашвили да 8-майда парламентте сүйлөп жатып, Тблисинин Европаны көздөй алган багыты өзгөрбөй турганын убада кылды.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG