Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

ИИМ: чагымчыл маалымат тараткан үч адам кармалды


Ички иштер министрлиги интернеттеги WhatsApp түйүнү аркылуу чуулгандуу маалыматтарды таратып жүргөн үч адамды кармады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 17-25 жаштардагы эки жигит жана бир кыз аталган түйүн аркылуу чагымчыл маалыматтарды таратып жүргөн/

Шаршембиден бери айрым WhatsApp колдонуучуларга белгисиз бирөөдөн "7-8-9-май күндөрү Кыргызстанда согуш башталып кетиши мүмкүн, эл көп чогулган жерлерге, концерттерге барбагыла" деген өңүттө кыргызча кат келген. Кээ бирөөлөр каттын сүрөтүн тартып интернетке коюшкан.

Ички иштер министрлиги өлкөдөгү абал туруктуу экенин билдирип, жарандарды мындай жалган имиштерге ишенбөөгө чакырууда.

Ушул күндөрү Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Бишкекте жана өлкө аймактарында парад, концерт, ардагерлер менен жолугушуулар өтүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG