Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:15

Бишкекте Жеңиш парады өтүүдө


Ушу тапта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата аскердик парад өтүп жатат. Ага премьер-министр Темир Сариев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган өлкө жетекчилери, Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери, шаар тургундары катышууда. Президент Алмазбек Атамбаев бул күнү Москвадагы Жеңиш парадына катышуу үчүн Орусияга кеткен. Буга байланыштуу Аскердик парадды өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев кабыл алып жатат.

Бишкектеги парадга аскердик бөлүктөрдүн жоокерлери чыгып, аскердик техника өтүүдө. Бул жылы биринчи жолу парадга Канттагы Орусиянын аскердик базасынын учактары катышып жатат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG