Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:33

ЕАЭС боюнча келишимди парламент жакынкы аралыкта ратификациялашы зарыл


Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимдерди Жогорку Кеңеш жайкы каникулга тараганга чейин ратификациялашы зарыл.

Бул тууралуу Москвада экономика министри Олег Панкратов билдирди. Анын айтымында, 8-майда Москвада кол коюлган эки протокол жана өлкөнүн биримдикке кошулуусу боюнча келишимди Жогорку Кеңеш жактырышы зарыл. Муну менен катар биримдикке мүчө Орусия, Казакстан, Армения жана Беларустун парламенттери ратификациялашы керек. Мындан соң кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөл пункттары алынып салынмакчы.

Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Армениянын президенттери Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине биротоло кирүүсүнүн шарттарын караган соңку документтерге Москвада, 8-майда кол коюлду.(BkA/LzT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG