Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:56

Ош: милиция тосулган жол боюнча түшүндүрмө берди


Милиция Ош шаарындагы Эргеш Алиев жана Касымалы Баялинов көчөлөрүн кызматтык зарылчылыктан улам тосууга аргасыз болгон. Бул тууралуу Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев “Азаттыкка” билдирди.

- Милицияга, УКМКга күнүнө 300дөн ашуун жаран келсе, 100гө жакын адам №5 абак жайына жакындарынан кабар алганы келчү. Алар автоунааларын башаламан коюп, көчөдө тыгын жаралчу. Айрымдар болсо мында машинесин түнү күнү калтырып кетип калышчу. Атайын тыюу салган белгилерди койгонубузга карабай, тыгын азайган жок. Соттолуучуларды сотко алып барганы милиция чыгайын десе, же атайын топ операцияга барса, чыга бериш жабык болгондуктан кечигип, 1-2 саат күтүп калуулар көп болгон. Ошол себептүү Баялинов жана Алиев көчөлөрүн жабууга аргасыз болгонбуз,- деди Ашырбаев.

Күч кызматтарынын айтымында, Баялинов көчөсүнүн баш жагында 2003-жылга чейин аскердик комендатурасынын имараты жайгашкан. Ал башка жакка жылгандан кийин, бул жол күч органдары үчүн кызматтык максатта пайдаланууга ачылган. Милиция азыр аны жабуу эч кимге тоскоолдук жаратпайт деп ишендирүүдө.

Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыгы, УКМКнын Ош аймактык бөлүмү Касымалы Баялинов көчөсүнүн башын мындан бир жыл мурда жаап салган. Кийинчерээк Эргеш Алиев көчөсүнүн милиция тарабы тосулду. Жакын арадан бери Баялинов көчөсүнүн этегине да блок-пост коюлган. Аталган көчөлөрдөн катардагы машинелер эки жакка таптакыр каттай албай, айрым нааразылыктар орун алган. (ErN).

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG