Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

“Ак-Кеме” мейманканасы боюнча өкмөттүн арызы эл аралык сотто каралат


“Ак-Кеме” мейманканасы боюнча доого байланыштуу камакка алынган Кумтөрдүн акцияларын бошотуу доо арызы Онтарио сотунда жакынкы аралыкта каралашы мүмкүн.

Бул тууралуу өкмөт алдындагы Соттук өкүлчүлүк борборунун жетекчиси Тимур Шамбетов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, түркиялык “Систем мүхендислик” компаниясы бул иш боюнча кыргыз өкмөтүн 11 миллион доллар доого жыккан. Анын негизинде Канададагы Онтарио соту Кыргызстандын Кумтөр кени боюнча “Центерра Голддогу” 10 миллион доллардык акциясын камакка алган. Кыргыз өкмөтү ушундан кийин түрк компаниясына 11 миллион доллар которуп, акцияларды кайтарып алууну көздөгөнүн айткан.

Шамбетов бул каражат “Систем мүхендисликке” эмес, экскроу-агент делген эки тарапка тең тиешеси жок эсепте сакталып турганын, эгер сот кыргыз өкмөтүнүн арызын канааттандырса, акча кайтарыларын кошумчалады.

Бул иш Жогорку Кеңеште да талкууланып, тиешелүү комитет Башкы прокуратурага иликтөөнү тапшырган. (BkA)

XS
SM
MD
LG