Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Путин согуш учурундагы өнөктөштөргө ыраазылык билдирди


Орусиянын президенти Владимир Путин Экинчи Дүйнөлүк согуш учурундагы Советтер Союзунун өнөктөштөрүнө ыраазылык билдирди. Бул тууралуу ал Москвадагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган аскердик парадда сүйлөгөн сөзүндө айтты. Орус президенти Британия, Франция жана АКШнын жеңиште салымы чоң болгонун белгиледи.

Ошол эле кезде учурда дүйнөдө акыркы он жылда тең ата кызматташуунун принциптери бузулуп жатканын айтып, аскердик блокторго таянуу менен бир уюлдуу дүйнө түзүмүн куруу аракетин сынга алды.

Москвадагы парадга жыйырмадан ашык өлкө лидерлери катышты. Кызыл аянтта өткөн парадга Орусиянын аскердик кубатын көрсөтүүнү максат кылган. Анда он алты миңден ашык аскер, 200гө жакын аскердик техника, алардын ичинде 150дөн ашуун учак катышты.

Украинанын чыгышындагы абалга байланыштуу Европадагы көпчүлүк өлкөлөрдүн жетекчилери Москвадагы парадга катышуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG