Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:47

Түштүктө эне жана баланын өлүмүн азайтуу боюнча долбоор жүрүүдө


Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун түштүк филиалынын жетекчиси Эркегүл Сманалиева “Азаттыкка” билдирди.

“Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча эки жашка чейинки балдары бар 35 миң эне балдар арасындагы өлүмдүн себептери, коркунучтуу оорулардын белгилери тууралуу маалымат алышты. Мындан сырткары үч облустан дагы 14 миң кош бойлуу аял эне өлүмүнүн себептери жана ар кандай кесепеттердин алдын алуу боюнча кабардар болду. Энелер окутуунун натыйжасында, балдарга 6 айга чейин кошумча чай берүү мүмкүн эместигин жана оорулардын алдын алуу жолдорун үйрөнүштү”,- деди Сманалиева.

Окуу 12 ай бою жүргөн. Эненин жана баланын саламаттыгы тууралуу окутуу ЮНИСЕФтин колдоосунда ишке ашууда.

2014-жылы төрөт учурунда өлкө аймагында 85 аял каза тапкан. Бул 2013-жылга караганда 26 пайызга көп. (ErN).

XS
SM
MD
LG