Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

Швейцариядагы атыштан бир нече адам каза болду


Швейцариянын түндүгүндөгү Вюренлинген шаарчасындагы атыштан бир нече адам каза болду. Полиция азырынча каза болгондордун так санын айта элек. Окуя 9-май күнү кечинде болгон. Ааргау кантонуна караштуу шаарчадагы имараттардын биринен атышуунун үнүн угуп, кошуналары полицияга кабар берген. Полиция имаратка келген учурда анын ичинен жана короосунан бир нече адамдын сөөгүн тапкан. Атышуунун себеби жана каза болгондордун тек-жайы аныкталууда.

XS
SM
MD
LG