Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:59

Польшада президенттик шайлоо өтүп жатат


Президенттик орун үчүн 11 талапкер ат салышууда. Бирок сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча, учурдагы президент Бронислав Коморовскийдин утуп чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору. Аны шайлоочулардын кырк пайызы колдой турганы белгилүү болгон. 62 жаштагы Коморовский өлкө коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин билдирип, Польша Украинадан кийин эле Орусия тараптан бутага алынышы мүмкүн экенин айтып келет.

Анын негизги атаандашы катары өлкөдөгү ири “Укук жана адилеттик” оппозициячыл партиясынан көрсөтүлгөн саясатчы Анжей Дуда айтылууда. Алдын ала сурамжылоолордо Дуданын талапкерлигин өлкөдөгү ар бир үчүнчү шайлоочу колдой турганы дайын болгон.

Парламенттик өлкө болгон Польшада премьер-министрдин укуктары чоң. Бирок президент Куралдуу күчтөрдүн башчысы катары коопсуздук маселелерине жана тышкы саясатка таасир эте алат.

Бул жолку президенттик шайлоо күзүндө өтчү парламенттик шайлоого даярдык катары кабыл алынууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG