Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:38

Алмазбек Кадыркулов Мүлк фондун жетектейт


Алмазбек Кадыркулов Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы болуп дайындалды. Мындай жарлыкка премьер-министр Темир Сариев 8-майда кол койгону өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды.

Буга чейин “Кыргызтелеком” ишканасын жетектеп келген Кадыркулов жакында ал жактан өз арызы менен кызматтан кеткен эле.

Ал эми Мүлк фондунун мурдагы төрагасы Дүйшөн Ирсалиев Кумтөр маселеси боюнча мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен тил табыша албай, кызматтан кеткен. (BkA)

XS
SM
MD
LG