Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Фархунданын өлүмү боюнча полициячыларга өкүм чыга элек


Кызды тирүүлөй өрттөп жиберген деп айыпталгандар
Кызды тирүүлөй өрттөп жиберген деп айыпталгандар

Ооганстанда сот 27 жаштагы кызды ташбаранга алып өлтүрүүнү алдын алган эмес деп айыпталган 19 полициячы боюнча өкүм чыгарууну кийинкиге калтырды. Судья Сафиулла Можадеди бул ишти териштирүү үчүн дагы убакыт керек экенин билдирди.

Быйыл 19-мартта Кабулда жаалданган эркектер тобу Фархунда аттуу кызды Куранды өрттөдү деп ташбаранга алып, тирүүлөй өрттөп, сөөгүн сууга ыргытып салган. Кийин ал Куранды күйгүзбөгөнү, бул жалган жалаа экени аныкталган.

Кыздын өлүмүнө айыпталып 49 киши кармалган, алардын төртөө өлүм жазасына кесилген. 18 адам болсо далилдер жок болгон үчүн бошотулган. Бул окуя ооган коомунда абдан көп талкуу жаратып, аялдарга зомбулукка каршы акцияларды өткөн.

XS
SM
MD
LG