Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:24

Укук коргоочулар “Келин” сериалына каршы акция баштады


Балдардын укугун коргоо боюнча активист Эркайым Садыкова Коомдук телеканалдан Индиянын “Келин” аттуу көп сериялуу тасмасын көрсөтүүнү токтотуу талабы менен социалдык тармактарда акция баштады. Ага Балдардын укугун коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова сыяктуу укук коргоочулар, активисттер да кошулду. Фейсбуктагы өздүк баракчасына Садыкова: “11-майдан тарта Коомдук телеканалдан “Келин” сериалы кайра көрсөтүлө баштайт. Бул тасманы көрсөтүүгө каршымын. Ансыз деле азыр өлкөдө педофилдер, балдарга зомбулук кылгандар көбөйүп жатса, кыздарды эрте күйөөгө бергенди үгүттөгөн тасманы көрсөтүүнүн эмне кереги бар?” – деп коомчулукту тасмага каршы үгүттөөдө.

Буга чейин КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков аталган сериалды көрсөтүү боюнча келишим ал директор болгонго чейин түзүлгөнүн, эгер келишимди бузушса, материалдык чыгымы чоң болорун жазып чыккан. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG