Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Македонияда полициянын куралдуу топко каршы операциясы аяктады


Македонияда коопсуздук күчтөрү менен куралдуу топтун эки күнгө созулган атышуусу аяктады. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Иво Котевски Куманово шаарчасындагы кагылышууда 8 полициячы окко учуп, 37си жарадар болгонун билдирди. Анын айтымында, операцияда Балкандагы эң кооптуу террорчул топтордун бири жок кылынды.

Полиция ошол топтун мүчөлөрү делген 14 кишинин сөөгүн таап алды. Айрымдары этникалык албандардын Косовону Боштондукка чыгаруу армиясынын униформасын кийип жүрүшкөн.

Кармаш 9-майда коопсуздук күчтөрү кошуна өлкөдөн кирип келгени айтылган куралчан адамдарды колго түшүрүү үчүн Куманового барганда тутанган. Шаар Косово жана Сербия менен чек арага жакын жерде орун алган.

Полициячылардын өлүмүнө байланыштуу өлкөдө аза күтүү жарыяланды.

XS
SM
MD
LG