Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Ала-Букадагы форумга өзбек жана тажик жаштары келери белгисиз


Жалал-Абад облустук бийлиги ушул жумада Ала-Бука районунда уюштуруп жаткан "Жаштар туура кадам, таза максат үчүн" деп аталган форумга Өзбекстан менен Тажикстандан чакырылган коноктордун келери белгисиз болуп турат. Обладминистрациянын Социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова “Азаттыкка” билдиргендей, коңшу мамлекеттердин жаштар уюмдарына Тышкы иштер министрлиги аркылуу чакыруу жиберилген, бирок азырынча жооп келе элек.

14-15-майга белгиленген жыйында төрт маселе каралмакчы:

- Диний экстремизмди алдын алуу, этнос аралык мамилени чыңдоо, чек ара көйгөйлөрүн чечүүдөгү жаштардын орду жана кылмыштуулукту азайтуу көйгөйлөрүн талкуулайбыз, - дейт Аширова.

Иш-чарага республиканын бардык облустарынан 300дөн ашык адам катышат. (SE)

XS
SM
MD
LG