Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Баткенде селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда


Баткен жана Лейлек райондорунда 8-майда жүргөн сел бузуп кеткен арыктарды тазалоо, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Лейлектин Андарак айылында учурда сел жууп кеткен 800 метр жолдун тең жарымы тазаланды. Ак-Терек айылында кум-шагыл толуп калган 700 метр жолдун 300 метри тазаланды.

Баткен районундагы Кызыл-Бел айылында да сел аранын 300 метр аралыгы кум-шагылдан арылып, тазалоо иштери аяктады. Ак-Тилек конушунда 15 турак үйдүн тамаркалары сел суусунан тазаланды. Бул иштер жергиликтүү тургундардын жардамы менен жүзөгө ашып жатканын бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Учурда бул табият кырсыгы алып келген чыгымдар такталууда.

8-май күнү түштөн кийин катуу нөшөрдөн соң Лейлектин Андарак, Ак-Терек, Баткендин Кызыл-Бел айылдарында сел жүрүп, бактыга жараша адам өмүрүнө жана мал-жанга зыян алып келген эмес.

XS
SM
MD
LG