Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Чаткалда ташкындаган суу жолго ашып кетти


Чаткал районундагы Андагүл капчыгайындагы дарыядан ташыган суу кечээ Ала-Бука - Жаңы-Базар - Киров жолунун 46-47-чакырымын 500 метр аралыгына чейин ашып, анын кесепетинен жеңил унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган. Кечээ кечки жетилерде жол толугу менен калыбына келтирилди.

Аксынын Кара-Суу айыл аймагында болсо 9-майда жааган жамгырдын кесепетинен 10-майда Кара-Суу дарыясы көтөрүлүп, 150-200 метр аралыгынын жээгин жей баштаган. Мындан тышкары Көпүрө-Башы, Көлмө жана Бөктөр айылдарын ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылган арыктын алышын жууп кеткен. Бул жер “Атайын алдын алуу” иш-чарасына киргизилип, февраль айында 161 метр аралыкка аска таштар менен коргоочу тосмо курулган эле. Ошонун натыйжасында 27 турак жай, ичүүчү жана сугат суу, айыл аймагынын имараты корголуп калды.

Учурда суу жеп кеткен жээкти бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатканын өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

XS
SM
MD
LG