Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:15

Оппозициялык Kyrgyztoday сайты хакердик чабуулга кабылды


Аталган сайт эки күндөн бери ачылбай, башкы бетинде Hacked by terminal team деген англисче жазуу турат. Сайттын кожоюуну Бегалы Наргозуев учурда оңдоо иштери жүрүп жатканын, сайт хакердик чабуулга кабылганын бүгүн "Азаттыкка" тастыктады. Ал мындай чабуул тез-тез болуп турарын кошумчалап, аны сайттын оппозициялык материалдарды байма-бай жарыялап турушу менен байланыштырды.

Kyrgyztoday сайты 2012-жылы негизделген. Уюштуруучулардын айтымында, азыр сайтка күнүнө аз дегенде 2-3 миң, көп дегенде 10 миңге чейин адам кирип турат.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG