Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:44

Европа монетардык союзу Грециянын насыясын талкуулайт


Грециянын финансы министри Янис Варуфакис

Грециянын финансы министри Янис Варуфакис

Бүгүн Брюсселде Евромейкиндикке мүчө 19 өлкөнүн финансы министрлери Грециядагы насыя кризисин жана экономикалык реформанын макамын талкуулашат. Нидерланд финансы министри Йерун Дейсселблумдун сөзүнө караганда, жаңы келишим Афиныга убада кылынган насыянын кайсы бир бөлүгүн берүүгө жол ачат. Германия башындагы Европа монетардык союзу Грециядан социалдык чыгымдарды үнөмдүү жүргүзгөн реформаны талап кылууда. Бирок январда бийликке келген солчул өкмөт бюджеттик чыгымдарды кыскартууга макул болбой жатат. 12-майда Афины Эл аралык валюта фондуна 750 млн.евро (840 млн.доллар) насыясын төгүү керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG