Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

Ливиянын жээгинде түркиялык жүк тартуучу кемеге кол салынды


Чабуулдан кеменин капитаны өлүп, экипаждын бир нече мүчөсү жарадар болгонун Түркиянын тышкы иштер министрлиги 11-майда билдирди. Маалыматта түркиялык кеме эл аралык сууда баратканына карабай адегенде артиллериядан аткыланганы, артка кайткан кезде кемеге абадан сокку урулганы айтылат.

Ливия өкмөтүнүн атын атабаган мартабалуу ырасмий адамынын айтымында, түркиялык кеме 10-майда Ливиянын сууларына “уруксатсыз кирген”.

Ливиялык сайт аты белгисиз аскер адамына шилтеп, түркиялык кеме жихадчылардын ээлигиндеги Дерна портун көздөй баратканы үчүн абадан аткыланганын кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG