Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

Айдаркендиктер тейлөө кызматына нааразы


Баткен облусундагы Айдаркен шаарындагы 393 кожолуктун арызы менен жергилктүү кеңеш депутаттары шаардын тазалыгын караган «Коммунальщик» акционердик коомунун ишин карады. Калктын нааразылыгын эске алган шардык кеңеш аймактагы 3 орто мектепти жана бир бала бакчаны «Айдаркен тейлөө» кызматына өткөрүү чечимин чыгарды.

Шаар тургуну Кадыр Жайнаков «Азаттыка» «Коммунальщик» акционердик коому менен тейлөө үчүн атайын келишим түзүлбөстөн эле мекемеге 145 миң сом карыз болуп калганын, мындай абалга түшкөндөр шаар аймагында көп экенин айтты.

«Коммунальщик» акционердик коомунун директору Гүлшан Илиязова болсо мекеменин бардык аракеттери мыйзам чегинде жүрүп жатканын, мекемени тартып алуу үчүн элди атайын уюштуруп жаткандар бар экенин жана нараазы болгондор атайын мыйзамдуулукту текшерүүчү органдарга кайрылышы керектигин билдирди. (JsA)

XS
SM
MD
LG