Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Путин менен Керри Сочиде жолугушат


Президент Путин (оңдо) жана мамкатчы Жон Керри (солдо) Индонезиянын Бали курортундагы эл аралык жыйындагы сүрөткө түшүү салтанаты кезде. 7-октябрь 2013
Президент Путин (оңдо) жана мамкатчы Жон Керри (солдо) Индонезиянын Бали курортундагы эл аралык жыйындагы сүрөткө түшүү салтанаты кезде. 7-октябрь 2013

АКШ мамкатчысы Жон Керри 12-майда президент Владимир Путин менен жолугушат. Мамдепартаменттин жана Орусия тышкы иштер министрлигинин маалымдашынча, Сочиде болчу кездешүүдө Украина, Сирия жана Йемендеги кырдаал талкууланат. Сүйлөшүүгө орус тышкы иштер министри Сергей Лавров да катышарын Мамдепартаменттин өкүлү Марие Харф билдирди. РИА Новости агенттигинин орусиялык дипломаттык булактарга таянып кабарлашынча, Кремль Керри Чыгыш Украинадагы коогалаңды жөндөө боюнча жаңы сунуш алып келет деген үмүттө. Батыш жана Киев Орусияны жикчилдерди курал жана аскер менен колдоодо деп күнөөлөөдө. Бирок, Москва андай айыптоолорду четке кагууда жана Вашингтондун украин аскерлерин машыктырууга көмөктөшүүсүн сындаган.

XS
SM
MD
LG