Йемендик хусит козголоңчулар Саудия башындагы коалициянын истребителин атып түшүргөнүн 11-майда билдирди. Андан бир аз мурда Марокко күжүрмөн тапшырма учурунда аскер учагы жоголгонун тастыктаган. “Уруулардын аба чабуулдарынан коргонуу бөлүгү Саада облусундагы Вади Нушур аймагында согуштук учакты атып түшүрдү,” - деп кабарлады эрегишчилердин “ал-Масира” телеканалы жана “Ф-16” учагынын сыныктарын көрсөттү. Марокконун МАР жаңылыктар агенттигинин билдиришинче, учкуч байланышка акыркы жолу 10-майда саат алтыда чыккан. Саудия баштаган коалиция 26-мартта хуситтерди бомбалай баштагандан бери биринчи жолу аскердик учагын жоготту. Операцияга Марокконун алты “Ф-16” истребители катышып жаткан.