Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:08

НАТО: Орусия жана жикчилдер тез чабуулду баштай алат


НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг Брюсселдеги пресс-конференцияда. 11-май 2015

НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг Брюсселдеги пресс-конференцияда. 11-май 2015

Орусиянын жана москвачыл козголоңчулардын Чыгыш Украинада тез чабуулга өткөндөй кубаты бар. Бул тууралуу НАТОнун башкатчысы 11-майда Брюсселдеги маалымат жыйынында билдирди. “Орусия жана жикчилдерде Чыгыш Украинада жаңы чабуулду кыска убакта баштагандай мүмкүнчүлүк бар. Алардын андай кубатынын максаты эмне экенине мен токтолбоюн. Албетте, бир аскерий кубат өсүп жатканын жана узактан бери жикчилдерге колдоо көрсөтүлгөнүн көрүүдөбүз” деди Йенс Столтенберг.

НАТОнун Тышкы иштер министрлери үстүбүздөгү аптанын аягында Түркиянын Анталия шаарында болчу жолугушууда Украинадагы жагдайды талкуулашат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG