Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Индонезияда орус жараны узак мөөнөткө соттолду


Орусиялык Александра Магнаеваны Индонезияга маңзат ташып киргени үчүн сот 16 жарым жылга эркинен ажыратып, 760 миң доллар айыппул төлөөгө милдеттендирди. Жакартадагы Орусия элчилиги берген маалыматка ылайык, 26 жаштагы Магнаеванын соту Бали аралдарында болду. Ал өткөн жылдын декабрында Нгурах-Рай эл аралык аэропортунда кармалган эле. Бажы көзөмөлүнүн кызматкерлери текшерип өткөрүү учурунда анын сумкасынан маңзат тапкан. (SE)

XS
SM
MD
LG