Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Немцовдун санаалаштары бүгүн анын баяндамасын жарыялайт


Орусиялык маркум саясатчы, оппозиционер Борис Немцовдун санаалаштары анын Украина чыгышындагы жаңжалга Москванын тиешеси жөнүндөгү баяндамасын жарыялайт. Алар Донбасстагы окуялар боюнча жаңы далилдер бар экенин белгилешүүдө. “Путин. Согуш” деп аталган баяндама китеп түрүндө басмадан чыгарылган.

Президент Владимир Путиндин саясатын сындап келген Борис Немцовду аталган документти даярдап жүргөн учурда, быйыл 27-февраль күнү Москвада, Кремлге жакын жерде атып кетишкен. Баяндаманын уландысын анын досу, саясатчы Илья Яшин башында турган активисттер жазып чыгышты.

Орус бийлиги Украинадагы кырдаалдын курчушуна Кремлдин тиешеси жок экенин белгилеп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG