Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:36

Жалал-Абадда автокырсыктан 5 киши каза болду


Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда 11-май күнү түшкү саат бир жарымдар чамасында Бишке к- Ош жолунун 471-чакырымында АУДИ-100 жана АУДИ С4 үлгүсүндөгү эки автоунаа сүзүшкөн. Натыйжада АУДИ-100 маркасындагы автомашинанын ичинде айдоочусу менен кошо төрт жүргүнчү тең мерт болгон. Экинчи унаадагы үч жаран жараттары менен ооруканага жеткирилген. Учурда абалы жакшы.

Каза болгондордун ичинен автоунаанын айдоочусу Жоробай Рахманбердиев Баткен областына караштуу Базар-Башы айылынын тургуну. Унаадагы төрт жүргүнчү кошуна тажикстандыктар болгон Алардын сөөгү Таш-Көмүр шаардык өлүк сактоочу жайга жеткирилди. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG