Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Ошто таксисттерди өлтүрдү деп шектелгендер кармалды


Ош облустук жана шаардык ички иштер башкармалыгы менен Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери оор кылмышка шектүү топту колго түшүрдү.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, Араван районунун 1990-1991-жылкы үч жараны үстүбүздөгү жылдын 7-майында Ош шаарынан такси жалдап, Кара-Суу районунун айылдарынын бирине жеткирип коюуну өтүнүшөт. Бирок жолдон алар айдоочунун мойнуна аркан салып муунтуп, андан соң машинеден алып чыгып сабап, айдоочунун жанындагы 500 сомун жана жеке буюмдарын алып качып кетишкен.

Айдоочунун сөөгү 9-майда табылып, анын артынан эле кылмышка шектүүлөр колго түшүрүлгөн. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө бул топтун жыл башында болгон кылмышка дагы тиешеси бардыгын аныкташты. Кылмышка шектүүлөр январь айында Ош шаарында дагы бир таксистке кол салып, жанындагы буюмдарын тоноп кетишкен. Эки кылмыш тең бир эле жерде жасалган. Азыр кармалгандар тергөө абагына камалды. Иликтөө иштери уланууда.(AzK)

XS
SM
MD
LG