Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

Немцов баяндамасы: Украинадагы уруштарда Орусиянын 200дөн ашуун аскери өлгөн


Маркум Борис Немцовдун баяндамасы.

Маркум Борис Немцовдун баяндамасы.

Бул тууралуу орусиялык оппозициячыл саясатчы, маркум Борис Немцовдун бүгүн жарыяланган баяндамасында айтылат. “Путин. Согуш” деп аталган баяндаманы коомчулукка Немцовдун жакын санаалаштары жарыялашты. Анда келтирилген маалыматтарга караганда, Орусия Украинанын чыгышындагы уруштарда кеминде 220 аскерин жоготкон. Ал эми урушта жикчилерди колдоо үчүн 53 миллиард рублден ашуун каражат коротту.

Баяндамадагы маалыматтар ачык булактардан жана Украинадагы согушка катышкан аскерлердин үй-бүлөлөрү менен маектешүүлөр аркылуу топтолгон. Баяндамада айтылгандай, орус өкмөтү былтыр Украинада каза тапкан жоокерлердин ар бирине 2 миллион рублдан компенсация төлөгөн. Ошол эле учурда алардын үй-бүлөлөрү муну жашыруун кармоого милдеттеме алган. Ал эми быйыл каза тапкан аскерлерге мындай компенсация бериле элек.

Баяндамада белгиленгендей, Украинага жөнөтүлгөн орус аскерлери мунун алдында армиянын катарынан ырасмий чыгышкан. Бул чаралар расмий Москванын Украинанын чыгышында орус аскерлери бардыгын жашыруу аргасы болушу мүмкүн.

Кремлдин сынчысы Борис Немцов бул баяндамасын даярдап жүргөн кезинде 27-февралда Москвада атып өлтүрүлгөн эле. Анын ишин оппозициячыл активисттерден жана журналисттерден турган жакын санаалаштары аягына чыгарышты.

Кремль баяндамада айтылгандарга карата реакция жасай элек. Анын жарыяланышы АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керринин сапарына туш келди.

Керри бүгүн Сочиде орус президенти Путин менен Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгөрүүнүн жолдорун талкуулаганы жатат. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG