Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:55

Экстремисттик акциялар жөнүндө жалган маалымат тараткан жарандар 3 жылга чейин камалышы мүмкүн


Бул туурасында ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин Ош жана Бишкек шаарларында социалдык тармактар жана WhatsApp аркылуу таратылган экстремисттик акциялар туурасындагы маалыматтар чындыкка коошпойт. Укук коргоо органдарынын иликтөөсүнүн жыйынтыгында жакында жалган маалымат тараткан үч жаран кармалып, алардын иши УКМКга өткөрүлүп берилди. Кармалган жарандар 18-25 жаштагы эки студент жигит жана бир кыз экени аныкталды.

Мындан тышкары 9 май-күнү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына белгисиз бирөө телефон чалып, майрам учурунда жихад белбоосун байланып, жардыруу теракты болорун билдирген. Ал жаран дагы кармалып, материал УКМКга өткөрүлүп, кылмыш иши козголду.

Рафик Мамбеталиев Кылмыш кодексинин 228-беренесине ылайык, кайсы бир теракттар туурасында жалган маалымат берген жаран мыйзам чегинде 1 жылдан 3 жылга чейин камакка алынарын эскертип, элди жоопкерчиликтүү болууга чакырды. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG