Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Журналист Орунбековдун соту уланган жок


Бул туурасында “Азаттыкка” журналист Дайыр Орунбеков билдирди. Анын айтымында, бүгүн башталган сот жараянында анын жактоочусу Жыргал Бабаев сот тарабынан иштер бир нече мыйзам бузуулар менен кабыл алынганын жана Баш мыйзамдын нормалары бузулганын айтып, сот кыскартылсын деген өтүнүч киргизген. Бирок Аламүдүн райондук соту бул өтүнүчтү четке каккан соң, сот жараяны териштирүүлөргө өтпөй туруп токтотулган. Эми журналист облустук сотко даттануу жолдогону жатат.

Мындан тышкары Дайыр Орунбеков бүгүнкү сот жараянын массалык маалымат каражаттары тарабынан чагылдырууга уруксат берилбегенин кошумчалады.

Башкы прокуратура журналист 2010-жылкы июнь каргашасынын келип чыгышына Алмазбек Атамбаевди жана ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн башка өкүлдөрүн күнөөлөп макала жазганы үчүн сотко кайрылган.

Дайырбек Орунбеков муну саясий буйрутма катары сыпаттап, жакында Башкы прокуратураны сотко берерин айткан. Ошондой эле журналист президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн да сотко арыз жазып, ага карата козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун териштирүүнү талап кыларын айткан.(SE)

XS
SM
MD
LG