Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Республикалык көркөм окуу сынагы жыйынтыкталат


Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, конкурс Улуу Жеңиштин 70 жылдык маарекесине карата уюштурулган. Сынактын негизги максаты кийинки муунга каардуу согуштун кесептери туурасында маалымат берүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жаштардын сүйлөө маданиятын калыптандыруу болуп саналат.

- Көркөм окуунун өзүнүн өзгөчөлүгү, өзүнүн табияты бар. Ар бир тамганы, тыбышты, андан ары ар бир сөздү кантип айтыш керек экенин үйрөнүшүбүз керек. Ошондо гана кыргыз тили өзүнүн өзгөчөлүгүн, уккулуктуулугун сактап калат. Ар биз сөздүн маанисин ички туюм менен жеткирүү чоң искусство, - дейт Эрматов.

Аталган сынак 2014-жылдын 15-ноябрында жарыяланган. Конкурстун жобосу боюнча сынакка 7 жаштан 17 жашка чейинки мектеп окуучулары катышууда. Мектептер аралык көркөм окуу сынагы ушуну менен экинчи ирет өтүп жатат. Аны Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы уюштурган. Республикалык көркөм окуу сынагына аймактардагы мектептерден тандалып келген кырк окуучу катышууда. Иш-чара 13-майда жыйынтыкталат. (ZA)

XS
SM
MD
LG