Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыгып, бир адам өлдү


Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чегинде чыр чыгып, бир кыргыз жараны каза болду. Дагы бир кыргызстандыкты Өзбекстандын күч кызматкерлери алып кеткенин Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева “Азаттыкка” билдирди.

Окуя бүгүн, 12-майда такталбаган мамлекеттик чек ара тилкесинде, Баткен районунун Согмент айылынын четиндеги Какыр жергесинде болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда Кыргызстандын үч жараны «Мерседес-Бенц Гигант» жүк ташуучу унаасы менен токтоого уруксат берилбеген аймакта Өзбекстандан Кыргызстанга жер-жемиш алып өтүүгө аракет кылган. Өзбек тараптын маалыматына ылайык, алар эскертүүгө баш ийбей койгон учурда чек арачылар курал колдонгон.

Ок тийген бир киши Өзбекстандын Сох айылында кайтыш болгон, экинчи кыргызстандык коңшу өлкөнүн аскерлери тарабынан кармалып, үчүнчү жаран окуя болгон жерден Кыргызстандын аймагына качып кирген. Булар Баткен районунун Боз-Адыр айылынын тургундары болушкан.

Учурда Сох анклавында эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү жолугушууда.(SE)

XS
SM
MD
LG