Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:41

Ооган президенти менен Пакистан премьери Кабулда жолукту


Наваз Шариф жана Ашраф Гани. Кабул, 12-май, 2015-жыл.
Наваз Шариф жана Ашраф Гани. Кабул, 12-май, 2015-жыл.

Премьер Наваз Шарифти Кабулга коштоп келгендердин арасында Пакистандын армия башчысы, генерал Рахил Шариф, чалгын кызматынын жетекчиси Ризван Ахтар да бар.

Чек аранын кош тарабындагы согушкерлер менен күрөшүүдө Исламабад менен Кабулдун кызматташтыгын чыңдоону максат кылган жолугушууда ооган өкмөтү жана Талибандын түз сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү да каралмак.

Бул тууралуу кабарчыларга пакистандык министрлердин бири билдирди.

Ооган жана пакистан лидерлеринин Кабулдагы кездешүүсү алдында жакында Катар өлкөсүндө ооган өкмөтү менен Талибандын өкүлдөрү жолуккан эле.

Кабарларга караганда, Талибан ооган өкмөтү менен сүйлөшүүгө көнгөн, бирок бир нече, анын ичинде өлкөдөн чет элдик аскерлерди чыгаруу талабын койгон. (UE)

XS
SM
MD
LG