Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:05

Анжияндагы кандуу булоондон 10 жыл өткөн соң Өзбекстанда адам укуктарынын абалы дагы да начарлады. Бул тууралуу Париждеги Адам укуктары эл аралык федерациясы бир канча уюмдар менен бирге жүргүзгөн иликтөө боюнча жасалган баяндамада айтылат.

2005-жылдын 13-майында Өзбекстандын Анжиян шаарындагы Бабур аянтында болгон кандуу окуядан бери 10 жыл өттү. Ал күнү, расмий маалымат боюнча, 187 киши бийлик аткан октон мерт кеткен. Көз карандысыз булактар курман болгондор андан бир нече эсе көп экенин айтып келет. Эл аралык коомчулук Анжиян апааты боюнча көз карандысыз текшерүү өткөрүүнү суранган, бирок Ташкент буга макулдук берген эмес.

Ал күнү жергиликтүү жашоочулар демонстрацияга чыгып, Өзбекстанда тыюу салынган "Акрамий" кыймылынын мүчөсү, диний экстремист деп шектелген 23 ишкерди абактан бошотууну талап кылышкан. Ошондой эле экономикалык жана социалдык абалдын начардыгына нааразылык айтылган.

Бирок күч кызматкерлери аларга ок ата баштаган учурда жүздөгөн киши Кыргызстанга качып өткөн. Бир нече күн алар Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын аймагында кыргыз өкмөтү жана эл аралык уюмдардын көмөгү менен баш калкалашкан. Көпчүлүгү Кыргызстандан түз эле чет өлкөлөргө чыгып кеткен.

Апаат курмандыктары Өзбекстанда расмий түрдө эскерилбейт. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG