Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Чек арада каза тапкан кыргыз жаранынын сөөгүн өзбек тарап бере элек


Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында 12-май күнү болгон окуя боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр бүгүн дагы уланууда. Кечээки жолугушуу кеч болуп кеткенине байланыштуу түн жарымда токтотулганын “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын Чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын жетекчиси Сейитжан Эратов билдирди:

- Бүгүн саат 7де өзбекстандык чек арачылар менен кайрадан кезигебиз. Кечеки окуяда каза тапкан мекендешибиз менен өзбек чек арачылары кармап кеткен бир жараныбызды бүгүн өткөрүп алуу боюнча сүйлөшөбүз. Кечээ бир өкүлүбүз Сохко кирип, жагдай менен таанышып чыккан.

Кечээ Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чегинде чыр чыгып, бир кыргыз жараны каза тапкан. Дагы бир кыргызстандыкты Өзбекстандын күч кызматкерлери алып кеткен. Окуя такталбаган чек ара тилкесинде, Баткен районунун Согмент айылынын четиндеги Какыр жергесинде болгон.

Маалыматтарга караганда Кыргызстандын үч жараны Өзбекстандан Кыргызстанга жер-жемиш алып өтүүгө аракет кылган. Өзбек тарап алар эскертүүгө баш ийбей койгон учурда чек арачылар курал колдонгонун айтууда.

Ок тийген бир киши Өзбекстандын Сох айылында кайтыш болгон, экинчи кыргызстандыкты коңшу өлкөнүн аскерлери кармап кетип, үчүнчү жаран окуя болгон жерден Кыргызстандын аймагына качып кирген. Баары Баткен районунун Боз-Адыр айылынын тургундары. (SE)

XS
SM
MD
LG