Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Чек арада каза тапкан жарандын сөөгү Кыргызстанга өткөрүлүп берилди


12-майда чек арада өзбекстандык чек арачылар аткан октон каза тапкан кыргыз жараны Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Андан сырткары, колго түшкөн дагы бир кыргызстандык бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын Чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын жетекчиси Сейитжан Эратов билдирди:

- Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында 12-май күнү болгон окуя боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр бүгүн дагы уланат. Кечээ түн жарымына чейин сүйлөшүү жүрүп, саат 3төргө жакын октон мерт кеткен мекендешибиз Махмуджан уулу Мансурдун сөөгүн жана колго түшкөн бир жараныбыз Махмуджан уулу Шумкарды коңшу өлкөдөн алынып чыкты.

Кечээ Баткен облусундагы кыргыз-өзбек чегинде чыр чыгып, бир кыргыз жараны каза болгон. Дагы бир кыргызстандыкты Өзбекстандын күч кызматкерлери алып кеткен. Окуя такталбаган мамлекеттик чек ара тилкесинде, Баткен районунун Согмент айылынын четиндеги Какыр жергесинде болгон.

Маалыматтарга караганда Баткендин Боз-Адыр айылынын тургундары Өзбекстандан жер-жемиш алып өтүүгө аракет кылган. Өзбек тарап алар эскертүүгө баш ийбей койгон учурда чек арачылар курал колдонгонун айтууда. (SE)

XS
SM
MD
LG