Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:58

Кой-Ташта айыл өкмөт менен жергиликтүү тургун мончо талашууда


Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында айыл өкмөткө караштуу мончону беш жылга ижарага алып иштетип жаткан Бакытбек Тентимишов жергиликтүү бийликтин үстүнөн даттанууда. Ал 18 миң доллар коротуп ремонттон өткөргөн мончону айыл өкмөт башчысы иштетүүгө уруксат бербей, эшигине мөөр басып кеткенин “Азаттыкка” билдирди.

Ал эми айыл өкмөт башчысы Мирлан Ракишев мончо ижара акы төлөнбөй жатканы үчүн жабылганын, ошондой эле айылдык кеңеш чыгарып берген 100 сомдук акыны Тентимишов 120 сомго көтөрүп алганын билдирди.

Бакытбек Тентимишов ижара үчүн банкка ай сайын акча которулуп жатканын, бирок айыл өкмөттөн туура эмес эсеп берилгендиктен каражат түшпөй калганын, колунда акчаны төлөгөнүн тастыктаган документтер бар экенин айтууда. Ал эми 100 сомго кошумча алынып жаткан 20 сом ижарачы тарабынан сунушталган майда кызматтарга төлөнөрүн билдирди.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG