Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Чек ара чырында каза тапкан жарандын сөөгү кыргыз тарапка берилди


Баткенде Өзбекстан менен чектеш Какыр жергесинде болгон окуядан улам өзбек чек арачыларынын огунан мерт болгон кыргызcтандык жарандын сөөгү бүгүн жерге берилет. Өз ара сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өзбек чек арачылары кармап кетти деп айтылган жаран кыргыз тарапка кайтарылды.

Ушул тапта Сох анклавында каттам кадимкидей жүрүп жатат. Аймакта милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө.

12-майда Баткен районунун Согмент айылынын четиндеги Өзбекстан менен чектеш Какыр жергесинде Баткен районунун Боз-Адыр айылынын үч тургуну кошуна өлкөдөн жашылча-жемиш тартып баратканда чек арачыларга кармалган. Өзбек чек арачылары чыгарган октон үч жарандын бири мерт болуп, экинчисин өзбек чек арачылары кармап кеткен. Үчүнчү жаран Кыргызстандын аймагына качып кирген.

Өзбек тарап жарандар чек арачылардын токтогула деген буйругуна баш ийбей койгондо ок атканын билдирүүдө. Согмент айылынын тургундары Кыргызстанга тиешелүү делген талаштуу аймакка коңшу өлкөнүн чек арачылары кирип келгенин айтышууда. (AzK\JsA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG