Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:48

Энелер күнүнө карата орусиялык ырчылар чакырылды


Бул туурасында “Азаттыкка” президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев билдирди. Анын айтымында, 16-май күнү Ала Тоо аянтында Орусиянын эстрада ырчылары Филипп Киркоров, Николай Басков жана Жасмин концерт берет. Концертке кирүү акысыз.

Төрт жылдан бери белгиленип келе жаткан Энелер күнү быйыл 17-майга туш келди.

Өткөн жылы жети жана андан көп балалуу аялдарга “Баатыр эне” орденин, алты баласы бар айымдарга “Эне даңкы” медалын ыйгаруу боюнча мамлекет башчынын жарлыгы чыккан.

2012-жылдан тарта өлкөдө Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG